Кыргызстандын алыскы аймагындагы мектеп Starlink интернетине кошулду

Илон Масктын постундагы карта. 25-май, 2026-жыл

Кыргызстандын аймагында мектепти Starlink спутник интернетине туташтыруу боюнча алгачкы социалдык долбоор ишке ашырылды. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айылындагы орто мектептеги жогорку ылдамдыктагы интернеттин ишин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 25-майда расмий баштап берди.

Касымалиев катышкан иш-чара, өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, онлайн форматта өттү.

Маалыматта айтылгандай, географиялык шарты татаалдыгынан жана жер үстүндөгү байланыштарга кошулуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам буга чейин интернетке кошула албай келген Эңилчек айылындагы мектеп интернетке Starlink спутник системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект.

Министрлер кабинетинин төрагасы окуучуларды жана мугалимдерди куттуктап, жарандардын жашаган жер шартына карабай билимге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Starlink спутник интернетине Кыргызстан да кошулганын анын негиздөөчүсү Илон Маск да X соцтармагына жазды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, колдоо катары Министрлер кабинетинен мектепке 5 заманбап компьютер тапшырылды. Агартуу министрлиги мектепти бардык мамлекеттик маалыматтык системаларына тез арада улап, санарип билим берүү ресурстарына жана электрондук маалымат базаларына жетүүсүн камсыз кылууга милдеттендирилди.

Бүгүнкү күндө, өкмөт билдиргендей, өлкөдө интернетке кошула элек алты мектеп бар, аларды да ааламторго кошуу маселеси жакынкы аралыкта чечилет.

23-майдан тартып Кыргызстан starlink.com глобалдык картасындагы активдүү камтуу зонасында расмий түрдө пайда болду.

Өлкө аймагында анын жергиликтүү өнөктөшү "ЭлКат" ишканасы болду.

Министрлер кабинети долбоор бир провайдер менен гана чектелбесин, SpaceX компаниясынан тышкары да спутник интернет кызматын көрсөткөн жана мамлекеттик коопсуздук, сапат стандарттарына жооп берген башка да технологиялык компаниялар Кыргызстандын аймагында долбоорго катыша аларын билдирүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

Жергиликтүү бийликти эл менен тыгыз кызматташууга милдеттендирген жарлык чыктыИИМ Ошто өлүм менен аяктаган окуяда милициянын аракети канчалык болгонун текшерүүдөЖК: Конституциялык сот төрагасы жыйынга "президент айтканы үчүн" катышканын айттыТрамп Сауд Арабиясын, Катарды Авраам келишимине кошулууга чакырдыМосква аймагында чакан учактардын учуусуна тыюу салынды