Бир айда үч өспүрүм. Өзгөндөгү суициддин себеби эмнеде?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Оштун Өзгөн районунда бир айдын ичинде өз өмүрүнө кол салган үч учур катталды. Анын экөө мектеп окуучулары болгон. Өспүрүмдөрдүн жакындары алардын өлүмгө жеткирген себептер ачылбай жатат деп айтууда. Кыргызстанда өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөр жылдан-жылга көп катталып жатканына кабатырлануулар күч. Өткөн жылы жүз өспүрүм өз жанын кыйган. Буга эмне себеп? Миграция, мектеп рэкетчилиги жана коомдогу агрессиянын таасири канчалык? “Данисте” ушул суроолорго жооп издеди.