"Алабуга Старт" программасынын сайтындагы маалыматта 2023-жылдан бери бул долбоорго борбор азиялык 150 кыз барганы жазылган. "Азаттыктын" кабарчысы ал долбоордун уюштуруучулары менен байланышты. Өзүн программага кызыкдар киши катары тааныштырып, анын чоо-жайын сураштырды.
Орусиянын армиясы Украинадагы согушта колдонгон дрондорду чогулткан “Алабуга Политех” өндүрүш ишканасы Татарстанда жайгашкан. Ишкана кыздар үчүн "Алабуга Старт" деп аталган программасын жарыялап, жарнамаларды таратып келет.
Анда негизинен КМШга мүчө өлкөлөрдөн 18-24, 16 жаштан 22 жашка чейинки кыздар ишке чакырылып, аларга сегиз сааттык иш жана үч саат окуу программасын сунуштоодо.
Өткөн аптада мындай жарнамалардын бири менен Талас мамлекеттик университетинин ректору бөлүшкөн.
"Талас облусу үчүн 15 квота берилди", - деп ректор айткан маалымат көп өтпөй социалдык тармактардан өчүп калды.
Талас мамлекттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев жарнаманы өчүрүү себебин "Азаттыкка" мындай түшүндүрдү:
“Ал санкцияга кирген ишкана экен да. Ал жакта дрондорду жасап чыгарышат экен. Ошондуктан жарыя бергенден кийин жарым сааттан кийин аны алып салдык. Эч кимди жөнөтпөй калдык. Бир депутат чалып, “ал санкцияга илинген, иштешпегиле” деди. Биз дароо жарнамаларды өчүрдүк”, - деди ал.
“Азаттыктын” кабарчысы мындай жарнамалардын биринде көрсөтүлгөн номурга кыргызстандык студент катары байланышып көрүп, төмөнкүдөй суроолорду берип жооп алды:
- “Алабуга Политехте” дрон жасайт деп жатышпайбы . Ошол жакка биз дагы аралашабызбы?
- Ал өзүңүздүн тандооңуз. Мисалы, мен ошол жерде өзүм каалап иштегенмин. Биринчиден, ал жактын айлыгы көп болчу. Мүмкүнчүлүк дагы бар эле. Олуттуу жумуш. Бирок, оорчулугу такыр жок болчу. Ал жакка киресиң деп, кыйнамай жок. Бирок адамдар өздөрү каалап, ошол жакка кирем десе, биз киргизебиз".
Бизге маалымат берген адам өзү да Кыргызстандан болорун, ушул тапта Татарстанда жашап жатканын, кыргызстандык кыздарды издеп атканын айтып берди.
“Келем, мага жакты десеңиз, мен Кыргызстанга барам, мени менен чогуу келсеңиз болот. Жатакананын сүрөттөрүн жиберейин. Бул жакта иштеген кыздардын номурун берейин. Бул “Алабуга Политехке” байланышы жок, бирок экөө жакын жайгашкан. Политехтин окуучулары биз жакта дагы иштешет”, - деди ал.
Аталган ишкананын сайтына кирип, жогорудагы программа тууралуу маалымат издегенибизде, кыздарга жети багытта эки жылдык иш бар экени жазылганын көрдүк.
Анда согушка керектелүүчү өндүрүш тууралуу түк айтылган эмес, көбүнчө тейлөө жана тазалоо иштерине жумушчулар керек экени көрсөтүлгөн.
Жумушка кирүү үчүн жаштардан тажрыйба же билим талап кылынбайт экен. Негизги талап - бул сайтта көрсөтүлгөн күнүмдүк колдонулчу орусча 100 сөздү жаттап, онлайн симуляция оюнунан өтүү.
Дагы караңыз
"Окуп, дрон жасашат". Улан-кыздарды азгырган "Алабуга"Кыргызстанда мындай жарнамаларга азгырылгандар же кызыккандар четтен табылат. Атын ачык айтууну каалабаган аял 16 жаштагы кызы былтыр аз жерден "Алабугага" кетип кала жаздаганын айтып берди. Кызы атайын оюндан өтүп, окууга өткөнүнө сүйүнүп, документтерин топтоп жүргөндө күмөндүү жагдайлар ачыкка чыккан. Ал жакка барабыз деген балдардын ата-энелеринин тайпасында берилген көп суроолор ачык калган.
"Ата-энелер: “Балдарды ким алып кетет?”, “Кантип жалгыз барышат?”, “Ким коштоп барат?” деген суроолорду жазып башташты. Алар: “Бизден эч ким барбайт. Биз билет сатып беребиз, балдарыңар өздөрү учуп келет, биз бул жактан тосуп алабыз” деп коюшту. Ошондо эч ким келбесе, эч кимди көрбөсөм, эч ким менен таанышпасам, жашы жете элек кызымды кимге жиберип жатам, кимге ишенип жатам деп ойлонуп отуруп калдым".
"Алабуга Старт" жарнамаларды негизинен Телеграм аркылуу таратат. Телеграмдагы мындай каналдардын биринде жарыяланган видеолордун биринде өзүн Миля деп тааныштырган кыз тазалоочу болуп иштей турганын жана ал жердеги шарттар тууралуу айтып берүүдө.
“Мен азыр жыйнап-тазалагыч позициясында иштеп жатам. Жарым жылдан кийин бөлмө тазалагыч болом. Мен муну аябай күтүп жатам. Бул жакта интернеттин иштебегени бизди шыктандырат. Ал жактын дубалдарын бир көрсөңүз... Ошондуктан Wi Fi да жок”, - дейт анда Миля.
Соцтармакта “Алабуга” тууралуу контент чыгарып турган кыргызстандык кыздар да бар. Алардын бири менен байланышканыбызда, өзү менен кошо 15 жаштагы иниси да Татарстанга барганын билдирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Онлайн оюн аркылуу кызымды Орусияга азгырышты”
“Алабуга Политех” жаштарды дрондорду жасоого тартып жатканы тууралуу маалымат Казакстанда да чыккан. Активисттердин колуна Астанадагы окуучуларга таратылган жарнама баракчалары тийген.
Анда “Алабуга Политех” коллежине 14 жаштан өйдө балдар кабыл алынары жазылган.
“Сен Орусияга керексиң!”, “Атайын аскердик операцияда (Орусияга Украинага кол салууну ушинтип атайт) жеңүү өтө маанилүү”, “Душманды жок кылган дрон кураган сонун!” деген чакырыктардын жанына учкучсуз учуучу аппараттын сүрөтүн кошуп коюшкан. Башкы бетинде “Za Vлабугу!” деп жазылып турат.
Программага тартылган жаштар анын изги максатын толук түшүнбөшү мүмкүн. Бирок “Алабуга Старт” программасы “Алабуга Политех” ишканасынын бир бөлүгү. Ал Орусиянын Татарстанстандагы өзгөчө экономикалык аймагы болуп саналат жана заводдор, логистикалык борборлор жана аскердик өндүрүштү ичине камтыйт.
Буга чейин журналисттердин иликтөөлөрүндө “Алабуга” аркылуу Орусия Украинадагы согушта колдонула турган дрондорду жасоого жашы жете электерди, студенттерди тартып жатканы ачыкка чыккан. Алар жасаган дрондор күн сайын Украинанын шаарларын бомбалоо, талкалоо үчүн колдонулуп, миңдеген кишинин канына забын болууда.
Британия быйыл майдын башында «Алабуга Старт» программасынын алкагында учкучсуз учактарды чыгарууга жана мигранттарды согушка жалдоо ишине аралашканы себеп болгон деген жүйө менен орусиялык 35 кишиге жана юридикалык жактарга санкция салган. Лондон "кара тизмеге" киргендерге чет элдик мигранттарды алдоо жолу менен жалдап, согушка салышат же аскердик ишканаларда иштөөгө мажбурлашат деген кине койгон.
Дагы караңыз
Британиянын санкциясы: Тизмеге кыргызстандык үч компания кошулдуОрусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
2024-жылы Татарстандын "Алабуга Политех" ишканасына жакын жайгашкан Елабуга шаарындагы объектилерге дрондордун чабуулунан эки адам казап болуп, 11и жабыркаган. Арасында 17 жаштагы Кыргызстандын жараны болгон.
Мигранттардын укугун коргоп келген юрист Мирлан Токтобеков бул аймакка кыргызстандыктардын тартылып жатканы тууралуу мындай маалыматтар менен бөлүштү:
"Татарстандагы [Алабуганы] жабык аскердик өңдүрүш деп дагы атасак болот. Жаңылыктардагы маалымат боюнча ал жерде Орусиянын аскердик дрондору чогултулат. Жашы жете элек балдарды окууну себеп кылып, иштеткени, окууга тартуусу өтө кооптуу нерсе. Анткени азыр Украина Орусиянын аскердик өндүрүштүк жайларына чабуул коюп жатпайбы. Ал жакта биздин жашы жете элек өспүрүмдөр набыт болсо, ким жооп берет? Ата-энелер, окуучулар, мындай жарнамаларды көргөндө алгач ал окуу жай Кыргызстанда аккредитациядан өтүп-өтпөгөнүн Агартуу министрлигинен такташы керек", - деген кеңешин берди юрист.
"Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагы 2025-жылы Кыргызстандын Билим берүү министрлиги, айрым окуу жайлар жана 2023-жылы Эмгек министрлиги менен кызматташуу ниетин билдирген меморандумуна кол койгону жарыяланган.
Агартуу министрлиги “Азаттыкка” аталган өзгөчө экономикалык аймагы министрликтен аккредитация албаганын билдирди.
Өткөн аптада Орусиянын бийлиги Украинадагы согушка студент кыздарды да тартууга аракет кылганын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Анда Красноярск радиоэлектроника жана маалыматтык технологиялар коллежинин студент кыздары үчүн жабык жолугушуу өткөрүлүп, кыздарды учкучсуз учуучу аппараттар аскерлерине кошулууга үгүттөшкөнү ачыкка чыккан.
Бул үчүн кыздардын жаш курагы 18ден 34кө чейин, өзү мурда соттолбогон жана балдары жок болушу шарт экени айтылды. Буга чейин ушундай эле жолугушуулар Сибир мамлекеттик индустриалдык университетинде, Санкт-Петербургдагы Маалыматтык технологиялар, механика жана оптика улуттук изилдөө университетинде, Аскердик механикалык институтта, Самара жана Ярославл мамлекеттик университеттеринде, Сибир федералдык университетинде, Красноярск тармактык технологиялар жана ишкердик коллежинде уюштурулган.
Дагы караңыз
Орусия студент кыздарын да согушка үгүттөй баштадыОрусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаганына төрт жылдан ашып баратат. Бул аралыкта Орусия тарапта жалданып согушка кеткен кыргызстандык жарандардын маселеси да олуттуу көйгөйгө айланды. Ошол эле учурда Кыргызстандын бийлиги Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш боюнча бейтарап турумду карманып келерин бир нече жолу белгилеген.
Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.