27-майга караган түндө Орусиянын Воронеж, Таганрог, Туапсе аймактары жана аннексияланган Севастопол дрон жана ракета чабуулуна кабылды.
Воронеждин губернатору Александр Гусев "кулаган дрон сыныктары" дөңгөлөк желимдөөчү жайга жана коммуналдык имаратка түшкөнүн кабарлады.
Украиналык Exilenova+ мониторинг каналы соккунун бутасы авиациялык 47-полк жайгашкан "Балтимор" аскердик аэродрому болгонун жазды. Astra соцтармактарда жарыяланган сүрөттөрдө аэродромдун үстүнөн түтүн чыкканы тартылганын белгиледи.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь Таганрогдун үстүндө ракета жок кылынганын, анын сыныктары кулаганда автоунаа өрттөнгөнүн билдирди. Эки аял жабыркаганы, бири оор абалда экени кабарланды.
Astra чабуулдан улам Таганрогдогу авиациялык №325 заводдо өрт чыкканын маалымдады. Заводдор иштен чыкканы тууралуу маалымат жок. Ишканаларга 2024-жылы декабрда да сокку урулган.
Аннексияланган Севастопол дрон жана ракеталардын, анын ичинде Storm Shadow ракетасынын чабуулуна кабылганын шаардын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развожаев билдирди. Соккунун натыйжасында Ластовадагы Борбордук банктын чатыры күйгөн, кошуна үйлөрдүн айнектери күбүлгөн. Сегиз кабаттуу үй жабыркаган. Гоголь көчөсүндө ракета ээн турган администрациялык имаратка тийгенин, коңшу жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн айнектери күбүлгөнүн жазды Развозжаев.
Туапседе учкучсуз учактын сыныктары деңиз терминалынын аймагына "түшкөнүн" Краснодар крайындагы ыкчам штабы билдирди. "Дрон сыныктарынан чыккан өрт тез арада өчүрүлдү" деп айтылат маалыматта. Туапсе аймагында дрон сыныктарынан көп кабаттуу бир жана беш жер үйдүн терезелери талкаланган.
Astra, Туапседеги жарылуулардын бири мунай иштетүүчү заводдун аймагында болушу ыктымалдыгын жазды. Бул ушуну менен быйыл жазда аталган заводго карата бешинчи чабуул.
Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык 140 дрон Белгород, Волгоград, Воронеж, Курск, Орлов, Тула облустарынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын жана Азов, Кара деңиздердин үстүнөн жок кылынганын маалымдады.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.