Франциянын баш калаасы Парижде окуучуларга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп айыпталган мектеп кызматкерине каршы сот иши башталды. Жараян ата-энелердин талабы менен ачык өтүүдө.
Мектеп системасын солкулдаткан бул чуулуу окуялардын тутанганына бир жыл болду.
36 жаштагы айыпталуучу балдарга дааратканаларда, түштөнүү маалында жана сабактан кийинки сааттарда сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталууда. Ал өзү мындай айыптоолордун баарын четке кагууда.
Ал мектепте мугалимдерге жардам берген штаттан тышкаркы кызматкер болуп эмгектенген. Парижде мындай 15 миңдей ассистент иштейт.
Учурда шаардагы жүзгө жакын бала бакча жана башталгыч мектептерде иликтөө жүрүп жатат. Алардын баарында мындай кызматкерлер балдарга карата орунсуз, агрессивдүү же сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге барган деп айыпталууда.
Жайында дагы үч иш боюнча сот процесстери өтүшү күтүлүүдө.
Ушул айдын башында каралган төртүнчү иш боюнча болсо жакын арада өкүм чыгышы мүмкүн.
Өткөн аптада полиция Париждин 7-округундагы үч мектепте рейд жүргүзүп, 16 адамды кармаган. Кийин алардын үчөөнө балдарга карата орунсуз сексуалдык мүнөздөгү аракеттер боюнча айып тагылган.