Бишкекте 27-майда кол өнөрчүлөрдүн "ОЙМО-2026" фестивалы башталды. Бул жылы ал “Дүйнөлүк маданий мурас: салт, муундан муунга өткөн салт жана кол өнөрчүлүк” деген темада өтүүдө. Уюштуруучулар быйылкы XX эл аралык фестивалды Динара Чочунбаеванын элесине арнашкан.
Маданияттын эмгек сиңирген ишмери жана ЮНЕСКОнун эксперти Динара Чочунбаева “ОЙМО” фестивалын 2006-жылы негиздеген.
Фестиваль 31-майга чейин “Ала Тоо” кинотеатрынын жанында өтөт.
Фестивалга кыргызстандык жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген бир катар кол өнөрчүлөр катышууда. Анда чебер-уздардын, зергерлердин көз майын коротуп жасаган эмгектери коюлган.
Динара Чочунбаева 2025-жылы 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде тартылган “Мен – Тянь-Шань” тасмасындагы Аселдин ролу аркылуу элге таанылган. 1956-жылы 5-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1971-жылы көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик өнөр бөлүмүн аяктаган. 1978-жылы Москва полиграфиялык институтунун басма продукциясын көркөм тариздөө бөлүмүн аяктап, 1978–1979-жылдары “Кыргызстан” басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген. 1980-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.