Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши жабык клуб болбошу керектигин айтты. 26-майда Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин ачык дебаты учурунда сүйлөп жатып өлкөнүн башкы дипломаты ал күчү көбүрөөк мамлекеттер үчүн гана арналган мейкиндик эмес экенин белгиледи:
"Бул – бардык мүчө мамлекеттер эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча негизги жоопкерчиликти жүктөгөн орган. Кыргызстан БУУнун бардык мүчө мамлекеттери менен биргеликте уставдын максаттарын жана принциптерин коргоо, ошондой эле келечек муундар үчүн адилеттүү, коопсуз жана кызматташтыкка негизделген дүйнөнү куруу үчүн иштөөгө даяр", - деди Кулубаев.
Министр БУУнун уставындагы талаптар так көрсөтүлгөнү менен бул тармакта көптөгөн көйгөйлөр бар экенин айтып, куралдуу жаңжалдар, эл аралык укуктун бузулушу, гуманитардык кризистер, терроризм, климаттык жана башка маселелерди белгиледи.
Ал бардык өлкөлөр БУУнун уставын карманышы жана мүчө мамлекеттер арасындагы превентивдүү дипломатияны бекемдөөнү, уюмдун институттарын реформалоо менен өнүгүп келе жаткан жана деңизге жолу жок өлкөлөрдүн адилеттүү өкүлчүлүгүн камсыз кылышы керектигин айтты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде жалпы 15 мамлекет болсо анын 10у туруктуу эмес мүчөлөр. Туруктуу эмес дегенде, алар ар жылы бештен эки жылга шайланып турат. Аймак боюнча квота бөлүнөт жана учурда кеңешке мүчө Пакистандын ордуна Кыргызстан менен Филиппин ат салышканы турат. Добуш берүү 3-июнда болуп, ага БУУга мүчө мамлекеттердин баары катышат.
Бул жараянды утурлай президент Садыр Жапаров 17-майда дүйнө лидерлерине кайрылуусунда Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырган.
Былтыр ноябрда Ташкентте Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери Кыргызстандын Коопсуздук кеңешине талапкерлигин колдоп, дүйнө лидерлерине кайрылуу жолдошкон.