29-майдын аба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт

29-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 11…16°, күндүз 27…32°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 9…14°, күндүз 23…28°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 11…16°, күндүз 28…33°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 5…10°, күндүз 20…25°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн 5…10°, күндүз 20…25°

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 29…31°.

Дагы караңыз

Министр Кулубаев БУУнун Коопсуздук кеңеши "жабык клуб" болбошу керектигин айттыУкраинанын таамай тийген дрондору, согуштун жаңы тактикасы Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн "ОЙМО-2026" фестивалы өтүүдөТашиев баштаган сегиз кишинин соту: Тургунбек уулу үн каттыДепутат Найман суу сактагычына бир жумада эки бала чөгүп каза болгонун айттыОрусиянын чет элдиктер үчүн RuID тиркемесинин талаптары 30-июндан тартып иштей баштайт