Прокуратура Кыргызстанда зордуктоо кылмышы боюнча көрсөткүч өскөнүн билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын январь айынан май айына чейинки убакта Кыргызстанда 88 зордуктоо фактысы катталды. Бул былтыркы ушул убактагы көрсөткүчтөн эки эсе көп - былтыркы алгачкы төрт айда 42 зордуктоо фактысы катталган.

Мындан тышкары адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтирүү фактысы да 10,3% көп катталган. Ал эми киши өлтүрүү 7,1% азайган, январь-апрель айларында өлкөдө 52 киши өлтүрүү фактысы катталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратура 28-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда кылмыштуулук шылуундуктун эсебинен улам көбөйүүдө. Быйылкы төрт айда шылуундук мурунку жылга караганда 1,8% көбөйүп, 5267 факт катталган. Ошол эле учурда карактоо жана уурдоо азайган. Уурулук көрсөткүчү 26%, каракчылык 24,2% төмөндөгөн.

Төрт айда кылмышка шектелип 7 700 адам кармалган болсо, анын 66 пайыздан ашууну эч жерде иштебеген жана окубаган болуп чыккан.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган.

Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

"Орусияга жиберген 20 тонна жүгүм жолдо калды"Трамп Армениядагы шайлоо алдында өкмөт башчы Никол Пашинянды ачык колдоду ИИМ "Формула-1" жана чет элдиктер боюнча пикир билдирүүдө этият болууну эскерттиБылтыр камсыздандырылган 98 турак жайга кенемте төлөнүп берилдиИлимдер академиясы Ысык-Көлдүн абалына тынчсыздануусун билдирди