Казак фигуристи Шайдоров беш айдан бери маянасын ала электигин билдирди

Казакстандык фигурист, Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоров.

Казакстандын тарыхындагы көркөм муз тебүү боюнча биринчи олимпиада чемпиону Михаил Шайдоров 2026-жылкы Олимпиададагы жеңишинен кийин өзү да, анын командасы да айлык албай жатканын билдирди.

Бул тууралуу спортчу блогер Тимур Балымбетовго берген маегинде айтты.

Шайдоров Олимпиадада алтын медал утуп алгандан кийин спорт тармагындагы аткаминерлер коомчулукка анын даярдыгына кеткен чыгымдары тууралуу маалыматты жарыялап жиберишкен. Ошол кезде спортчу бул кадамды сынга алып, аны өзүнүн жана машыктыруучуларынын эмгегин баалабагандык катары мүнөздөгөн.

Көпчүлүк казакстандыктар да олимпиада чемпионунун позициясын колдоп, мындай маалыматтын жарыяланышын кемсинтүү катары кабыл алышкан. Анткени улуттук олимпиадалык кураманын башка мүчөлөрү боюнча мындай отчет жарыяланган эмес.

Шайдоровдун айтымында, ошол чуудан кийин ал азыр каржылык кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат.

"Бул тууралуу терс пикиримди билдиргенден кийин, сыягы, мени кандайдыр бир жол менен жазалагысы келишти окшойт. Мына, беш айдан бери айлык албай жатам. Тагыраагы, жарым жыл эмес, беш ай болду", - деген ал маегинде.

Спорт министрлиги бул окуяны кадимки эле административдик жол-жобо деп мүнөздөөдө. Бирок төлөмдөрдүн эмне себептен токтотулганы тууралуу азырынча расмий түшүндүрмө бериле элек.

Михаил Шайдоров мындай шартта жаңы сезонго кантип даярданарын билбей турганын айтты. Анын айтымында, машыгуу жыйындарын өткөрүү жана жаңы программаларды даярдоо үчүн каражат табууда көйгөйлөр жаралууда.

Ошондой эле быйылкы жылдын февраль айынан тартып спортчу кесипкөй дарыгердин кызматы да көрсөтүлбөй калганын кошумчалады.

21 жаштагы алматылык фигурист быйыл Миландагы кышкы Олимп оюндарында алтын медалга ээ болгон.

Шайдоровдун жеңиши Казакстандын спорттун бул түрүнөн алгачкы алтын медалы болуп калды. Буга чейин 2014-жылдагы Сочи олимпиадасында маркум Денис Тен коло медал уткан эле.

Дагы караңыз

ЖМК: АКШ менен Иран тынчтык режимин узартууну макулдаштыПрезидент Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттүКыргызстандын мектептеринде "Акыркы коңгуроо" кагылды