УЕФАнын (Европанын футбол ассоциацияларынын бирлиги) Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешинде ПСЖ ("Пари Сен-Жермен") клубу Лондондун "Арсенал" клубун жеңип алгандан кийин полиция менен футбол күйөрмандары кагылышты Натыйжада полиция 400дөн ашуун кишини кармады. Кеминде жети полициячы жаракат алганын Le Figaro өлкөнүн ички иштер министрлигине шилтеме кылып жазды.
Ички иштер министри Лоран Нуньес Парижде 283 киши кармалганын билдирди.
Кагылыш беттеш учурунда эле башталган: 150дөй адам финал көрсөтүлүп жаткан "Парк де Пренс" стадионуна кирүүгө аракет кылышты. Полиция жаш агызчу газ колдонуп, калайман топту сүрүп чыгарды.
Стадиондун аймагында наабайкана жана ресторан жабыркады, кагылыштын катышуучулары велосипеддерден баррикада жасашты. Бир нече жүздөгөн адам Париждин айланма жолун бөгөттөп, анын кесепетинен жол тыгын, скутердин айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган автокырсык катталды.
Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши түз көрсөтүлүп жаткан Елисей талаасында 20 миңдей киши топтолду. Футбол фанаттары ал жерде велосипеддерди жана автоунааларды өрттөштү.
Париждин полициясы кармалгандардын 24 белги берүүчү ракета жана жүздөй пиротехникалык каражаттар алынганын билдирди.
Жалпысынан башаламандык жана вандализм өлкөнүн 15 шаарында катталды.
Ренне, Страсбург, Клермон-Ферран жана Гренобл шаарларында дүкөндөр тонолгону кабарланды.
ПСЖ" менен "Арсенал" ойногон Чемпиондор Лигасынын финалы Будапешт шаарында өттү. "Пушкаш Арена" стадионундагы беттештин негизги убакыты 1:1 эсебинде аяктады. Оюнга берилген кошумча убакытта да жеңүүчү аныкталбай, пенальти тебүүдө ПСЖ оюнчулары алдыга чыгышты - 4:3. Ошону менен "ПСЖ" 1992/93-сезонунда мелдештин азыркы тартиби киргенден бери "Реал" клубунан кийин Чемпиондор Лигасын катары менен жеңип алган экинчи клуб болуп калды. 2025-жылкы финалда аталган клуб Миландын "Интер" клубун 5:0 эсебинде уткан.
Мадриддин "Реал" клубу 2016-2018-жылдары катары менен Чемпиондор Лигасын уткан эле.
Парижде футбол чемпионатынан кийин 400дөн ашык киши кармалды
Париж полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.