31-майда Мьянманын түндүк-чыгышындагы имаратта болгон жарылуудан 40тан ашуун адам каза болду. Маалыматтарга караганда, ал жерде кен казуу иштеринде колдонулуучу жардыруучу заттар сакталган.
Куткаруучулар дагы 70ке жакын адам жаракат алганын билдиришти.
Жардыруу Кытай менен чек арадан болжол менен үч чакырым түштүктө жайгашкан Намхкам аймагындагы Каунгтуп айылында болгон.
Бул аймакты Мьянманын борбордук бийлигине каршы мезгил-мезгили менен куралдуу күрөш жүргүзүп келген "Таанг улуттук боштондук армиясы" деген топ көзөмөлдөп келет.
Мьянмада 2021-жылдагы аскердик төңкөрүштөн бери жарандык согуш токтой элек. Ошол жылы аскерлер бийликти басып алып, демократиялык жол менен шайланган өкмөттү кулаткан. Өкмөттү ал кезде Аун Сан Су Чжи жетектеп турган.
Учурда Мьянманын армиясы демократияны жактаган куралдуу топторго жана этностук азчылыктардын куралдуу уюмдарына каршы күрөш жүргүзүп жатат.
Associated Press агенттиги жазгындай, каза болгондордун арасында балдар да бар.
Мьянманын жергиликтүү маалымат каражаттары, набыт кеткендердин саны 50дөн 55ке чейин экенин жазышты.
Жергиликтүү маалыматтарга ылайык, жардыруудан айланадагы көптөгөн турак үйлөр жабыркап, олуттуу зыянга учураган.