Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Ош облусунда мас айдоочу жол тескөөчүлөрдүн машинесин сүздү

Интернетке тараган видеодон алынган кадр.
Интернетке тараган видеодон алынган кадр.

Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү машинеси менен жол тескөөчүлөрдүн автоунаасын сүзүп токтогон айдоочу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 1-июнда саат 13:00дөр чамасында Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында токтоп турган Kia K5 үлгүсүндөгү машинени Mercedes-Benz C200 автоунаасынын айдоочусу сүзүп, окуя болгон жерден Ош шаары тарапка качып кеткен.

Машинени токтотуу үчүн жол тескөөчүлөр Куршаб, Таш-Арык, Тойчу айылынын бурулушу, Учкун жана башка көзөмөлдөө пункттарында тосушкан. Айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, бир нече посттон токтобой өтүп кеткен.

Кыргыз-Чек постунда патрулдук автоунаа менен жол тосулганда айдоочу кызматтык автоунааны, андан соң Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу машинени сүзүп токтогон. Текшерүүдө Mercedes-Benz C200 машинесинин айдоочусу мас экени аныкталган. Ушул тапта териштирүү жүрүп жатат.

Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочунун жана эки жүргүнчүнүн абалы жакшы экенин кошумчалады.

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 30-майда Суусамырда болгон кырсыктан төрт адам мүрт кетип, дагы алты киши жаракат алды.

14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG