Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Ваделуп ЦАХАЛдын Ливандагы операциясын кеңейтип, алга жылуусуна терең тынчсыздануусун билдирди жана тараптарды ок атууну токтотууга, убактылуу жарашуу режимине кайтууга чакырды.
Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛга Ливандагы операцияны кеңейтүү тапшырмасын бергенин айткан.
"Биздин күчтөр Литани дарыясынан өтүп, Бофор кыркасын ээлеп алышты. Эми Ливандын ичкери аймагына тереңдеп, Хезболланын карамагындагы жерлерде биздин көзөмөлдү кеңейтүү тапшырмасы берилди", - деген Нетаньяху.
Ошол эле күнү Ливандын түштүгүндө жайгашкан стратегиялык Бофор сепилинде Израилдин желеги желбиреп турду. Израилдин аскерлери – ЦАХАЛ 9 кылым карыткан тарыхый жайды алышканын ырастады. Сепилден Ливандын түштүк аймагы жана Израилдин түндүгүнүн басымдуу бөлүгү алаканга салгандай көрүнүп турат.
Нетаньяху армия Сирия, Газа тилкеси жана Ливандагы аскердик операцияларды улантарын кошумчалады.
Мунун алдында "Хезболла" согушкер тобу Израилдин түндүгүн катуу аткылаганда жергиликтүү мектептерди жабууга туура келген.
"Хезболла" АКШ менен Израилде террордук деп таанылган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, аскердик канатын террордук деп санайт.
ЦАХАЛдын жаңы операциясы жума күнү Вашингтондо Израил жана Ливандын өкүлдөрү кездешкен маалга туш келди. АКШнын арачылыгы менен тынчтык орнотуу жана "Хезболланы" куралсыздандыруу планын түзүү аракети көрүлүүдө.
Ирандагы согуштун кесепети Ливанда өзгөчө сезилип жатат. Тегерандын таламын талашкан согушкерлер 2-мартта Израилди аткылап, ЦАХАЛ операция баштагандан бери Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3 миңден ашуун киши каза тапты, аба соккуларынан качкан 1,2 миллион тургун жер которду. Израил 23 жоокери жана карапайым төрт киши набыт болгонун маалымдаган.
Шерине