Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:27

Кара-Балта шаарынын вице-мэри жана дагы бир кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кара-Балта шаарынын вице-мэри (К.А.У.) менен мэрияга караштуу “Жол курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын директору (Э.М.У.) коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында алар жеке адамдарга кум-шагыл аралашмасын жана битумду мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурган деп шек саналууда.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG