Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

Казакстандык спортчу Шайдоров АКШда машыгат

Казакстандык фигурист, Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоров.
Казакстандык фигурист, Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоров.

Милан Олимпиадасынын чемпиону, көркөм муз тебүү боюнча спортчу Михаил Шайдоров менен Казакстандын Спорт министрлиги 2026-жылга карата келишимге кол коюшту. Бул тууралуу туризм жана спорт министринин орун басары Серик Жарасбаев билдирди.

Анын айтымында, келишимге кол коюлгандан кийин Шайдоров командасы менен бирге 5-июнда АКШга машыгууга жөнөп кетет.

Буга чейин спортчу Орусиянын Сочи шаарында машыктыруучусу Алексей Урмановдун жетекчилиги алдында машыгып келген.

Шайдоров журналист Тимур Балымбетовго берген маегинде «беш айдан бери министрликтен акча ала электигин» жана «жаңы сезонго даярдыкты баштай албай жатканын» айткан.

Мындан кийин министрлик Шайдоровго январь жана февраль айларынын айлыгы төлөнгөнүн, ал эми калган айлар үчүн каражатты которуу спортчу келишимге кол койбогондуктан кечиккенин билдирген.

Кийинчерээк Шайдоров 2026-жылга карата түзүлгөн келишимде «2030-жылкы Олимпиадада медаль утушу керек» деген талап бар экенин айтып, министрликтин аракетин сынга алган.

21 жаштагы алматылык фигурист быйыл Миландагы кышкы оюндарда алтын медалга ээ болгон.

Шайдоровдун жеңиши Казакстандын спорттун бул түрүнөн алгачкы алтын медалы болуп калды. Буга чейин 2014-жылдагы Сочи олимпиадасында маркум Денис Тен коло медал уткан эле.

Шерине

XS
SM
MD
LG