Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:26

ИИМ баңгизат таратуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлганын билдирди

Бишкекте кармалган шектүү.
Бишкекте кармалган шектүү.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиядагы кесиптештери менен бирге баңгизаттарды таратуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлганын билдирди. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кылмыштуу топ Telegram аркылуу Кыргызстанга психотроптук заттарды ташып кирүү жана жайылтуу схемасын уюштурганы аныкталган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте эл аралык баңги тармагынын катышуучуларынын бири, 21 жаштагы (Э.А.М.) шектүүнү кармаган.

Ага тиешелүү Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү автоунааны тинткенде салмагы 3 килограммга жакын психотроптук зат, 18 граммга жакын ак кристалл зат камтылган 21 баштыкча, баңгизаттарды таңгактоочу жабдыктар алынган.

Бир эле убакта Орусиянын укук коргоо органдары да атайын операция өткөрүп, баңгизат жөнөтүүчү деп шек саналган 30 жаштагы (Л.Ю.А.) адамды кармаган. Анын жанынан Москва шаарынын аймагында таратуу үчүн даярдалган 700 граммга жакын кооптуу психотроптук заттар алынды.

ИИМ маңзат толук сатылса кылмыштуу топтун мүчөлөрү 16 миллион сомдон ашык мыйзамсыз киреше тапмак деп эсептеген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG