АКШ менен Кытай сыяктуу эки ири донордун төлөмдөрү кечигип жаткандыктан, Бириккен Улуттар Уюму олуттуу каржылык кыйынчылыкка туш болуп жатканын The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, БУУнун негизги бюжетинин болжол менен 42% камсыздаган Америка уюмга төрт миллиард доллардан ашык бересе. Ошондой эле Вашингтон Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баштаган бир катар программаларга катышуусун кыскарткан.
Ал эми Кытай жакында 850 миллион доллар төлөгөнүнө карабастан, уюмга дагы эле болжол менен 455 миллион доллар карыз бойдон калууда.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш уюм август айынын ортосуна карата акча тартыштыгына кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.
Мындан улам эл аралык уюм чыгымдарын кеңири масштабда кыскарта баштады. Кеңселер жабылып, үч миңдей кызмат орду жоюлду. Котормо кызматтарына жана тынчтыкты сактоо операцияларына кеткен чыгымдар да азайтылды.
Мындан тышкары, БУУ айрым аймактардан өз контингенттерин чыгарууну тездетип, тынчтыкты сактоо миссияларына аскер жөнөткөн өлкөлөргө төлөнүүчү каражаттарды кечиктирип жатат.
Вашингтон көп тараптуу эл аралык институттарды колдоону улантып жатканын билдиргени менен, ири реформаларды жүргүзүүнү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууну талап кылууда.
Ошондой эле Британия, Германия, Швеция жана Нидерланд сыяктуу башка донорлордун төлөмдөрүнүн азайышы да БУУнун бюджетине кошумча кыйынчылык жаратууда.
Шерине