Ошол толкундоолор күч менен басылганда миңдеген киши коопсуздук күчтөрүнүн колунан набыт болгон. Ал арада Иранда интернет жарым-жартылай калыбына келтирилгени менен чектөөлөр, цензура калууда.
Ислам жумуриятынын юстиция тармагына таандык Мизан кабар агенттиги билдиргендей, Мехрдад Мохаммадиниа жана Ашкан Малеки Тегерандын Гиша конушундагы Жафари мечитине кол салгандардын арасында болчу.
Агенттик алар атайылап имаратты бүлдүргөн жана өрт койгон, коомдук мүлктү талкалаган, коопсуздук аскерлери жана тартип коргоочулар менен кагылышкан, көчөлөрдү бөгөттөгөн, элдин эки жакка каттоосуна тоскоолдук түзгөн деп айыпталганын маалымдады.
Мизан жана ирандык башка медиалар алар качан кармалганы жана сот процесси тууралуу кеңири маалымат тараткан жок.
Мохаммадиниа менен Малекинин өкүмүн Жогорку сот күчүндө калтырганы жана 1-июнда эртең менен ишке ашырылганы кабарланды.
Тегерандагы нааразылык акциясы. Январь, 2026-жыл
Ослодо жайгашкан Hengaw адам укуктарын коргоо уюмунун маалыматына ылайык, дарга асылгандар “күрт саясий туткундары” болчу. Ирандагы адам укуктарын бузуу учурларына көз салган уюм өкүм жашыруун аткарылганын жана маркумдар акыркы жолу жакындары менен кездешүү укугунан ажыратылганын билдирди.
Укук коргоочу уюмдар январда толкундоолорду күч менен басуу маалында Иранда бери дегенде 7 миң киши каза тапканын айтып келишет. Бирок жабык өлкөдөн маалымат алуу мүмкүн болбогондуктан бул сан мындан ашат деген божомолдор бар.
Нааразылык акциялары экономикалык талаптардан башталып, кийин диниятчылардын башкаруусунан арылууга чакырган саясий ураандар жаңыра баштаган.
Былтыркы жылдын декабрында тутанган демонстрациялар Ислам жумуриятына коркунуч жараткан ири акцияга айланган.
Ошондо кармалган жүздөгөн саясий туткун менен катардагы жарандарга өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан деген же саясий жүйө менен айып тагылып, алар азыркыга чейин абакта отурат. Укук коргоочулар аларды да өлүм жазасына тартуу коркунучу жогору деп эскертишет.
Норвегияда жайгашкан Ирандагы адам укуктарын коргогон жана Париждеги "Өлүм жазасына каршы биргелешкен аракет" уюмдары чогулткан маалыматка ылайык, өткөн жылы Ислам жумуриятында бери дегенде 1 миң 639 киши дарга асылган, арасында 48 аял бар. Өлкө өлүм жазасы боюнча калкынын санына карата эсептегенде дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.
Сөз болгон толкундоолор учурунда бийлик интернетти өчүрүп койгон, мобилдик байланышты чектеген.
"Коллективдүү кемсинтүү"
АКШ менен Израил Иранга каршы чабуул баштаган 28-февралдан көп узабай ирандыктар кайрадан дүйнөлүк желеге кире албай калган. 88 күн бою миллиондогон ирандык дүйнөдөгү эң узак санариптик караңгылыкта, чет жактардагы жакындары менен байланыша албай, бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок жашап келди. Майдын этегинде интернет калыбына келтирилгени менен чектөөлөр кала берүүдө.
Тегеран. Апрель, 2026-жыл
“Коллективдүү кемсинтүү сезими калды, маалымат алууну чектешти, дарылануу жана медициналык тейлөө сыяктуу адамдын фундаменталдуу укуктарын да тартып алышты”, - деп айтып берди “Фарда” радиосуна толук атын атоодон чочулаган Вида аттуу ирандык.
25-майда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Байланыш министрлигине интернетти калыбына келтирүү көрсөтмөсүн берген. Дүйнөлүк желеге байкоо салган платформалар эртеси интернет жарым-жартылай бериле баштаганын маалымдашкан.
“Фарда” радиосу менен маектешкен жергиликтүү тургундардын бири VPNге кирүү мүмкүнчүлүгү мурдагыдан азайганын, байланыштын ылдамдыгы төмөн болуп жатканын айтып берди.
Мындан улам ирандыктар интернет байланышын жарым-жартылай калыбына келтирүүнү майрамдаган жок.
Мурдагы депутат Бахрам Парсаи “бул кадам эч кандай шаан-шөкөткө арзыбайт” деп Х социалдык тармагына жазды жана “өлкө баягы эле кейпин кийгенин” белгиледи.
Анын айтымында, дүйнөлүк желени кайтарууну жетишкендик катары сүрөттөө “адамдын ар-намысына акарат келтирет”.
Подкаст жасаган белгилүү блогер Араш Налчегар цензура өкүм сүргөн маалда интернетке туташтыруу “жалгыз отурган камерадан абакка которууга тете” деп айтты.
Тегерандык ишкер Вахид Фарид дүйнөлүк желени өчүрүү, чектөө же элге кымбатка сатуу “өлкөнүн жана элдин келечегин камсыздай албайт” деген ою менен бөлүштү.
Мындан сырткары интернетти бөгөттөө Иранга ири экономикалык чыгаша алып келди. Өлкөнүн соода палатасынын расмий өкүлү Афшин Колахи 12-апрелдеги жыйында дүйнөлүк желени өчүрүүдөн күнүнө 40 миллион доллар жоготуп жатканын айткан. Ал кыйыр чыгаша 80 миллионго жетерин кошумчалаган.