2-июндан 6-июнга чейин күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
3-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 24…29
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 26…28° болот.