Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Ысык-Көлдөн беш айда 131 миң метрден ашык синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн чыгарылган синтетикалык торлор.
Ысык-Көлдөн чыгарылган синтетикалык торлор.

Ысык-Көлдөн 2026-жылдын алгачкы беш айында (январь-май) 131 миң 900 метр эски синтетикалык браконьерлик торлор чыгарылып, жок кылынды. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы торлор Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводго жеткирилип, утилизация болорун билдирди. Мындан тышкары суунун алдындагы жана жээктеги ар кандай калдыктарды тазалоо иштери да жүргүзүлүүдө.

Президент Садыр Жапаров 16-апрелде билдирүү кылып, тиешелүү кызматтар акыркы беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатканын айткан жана элди экологияны таза кармоого чакырган.

1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт.

“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.

Ысык-Көлдө башаламан салынган эс алуу жайлары, алардан чыккан саркынды суу көлдү булгап жатканы, балык уулаган браконьерлер көлдүн уникалдуу экологиясын талкалап жатканы айтылып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG