Автоунаа айнегин караңгылатууга уруксат берүү убактылуу арзандайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети автоунаанын алдыңкы капталдагы айнектерин караңгылатууга уруксат акысын убактылуу төмөндөтүү жөнүндө токтомун коомдук талкууга койду. Документ кабыл алынса айдоочулар 10-июндан 10-июлга чейинки убакта унаасынын айнегин төмөндөтүлгөн тариф менен караңгылатууга укук алышат.

Жеке жарандар уруксатты 35 миң сомго, мекеме, ишканалар 55 миң сомго, чет өлкөлүк жарандар 75 миң сомго ала алышат.

Учурда унаанын алдыңкы каптал терезелерин караңгылатууга уруксат алуу жеке адамдар үчүн 50 миң сом, мекемелерге 70 миң, ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн 90 миң сом турат.

Арзандатылган тарифтер жеңил жана жолтандабас унааларга тиешелүү, электромобилдерге тиешеси жок. Жеңилдетилген мөөнөттө берилген уруксат бир жылга жарактуу болот.

Демилгечилердин айтуусунда, кийинки убакта унаанын алдыңкы айнегин караңгылатууга суроо-талап өсүүдө. Алар белгилегендей, мурдагы ушундай арзандатуу учурунда машинесинин алдыңкы терезелерин караңгылатууну каалоочулардан арыз арбын түшкөн.

Мындан тышкары бул демилгени ишке ашыруу мамлекет үчүн кошумча киреше алып келет жана мыйзамсыз караңгылатылган унаа санын азайтат.

2025-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстанда 1 млн 400 миңге жакын автоунаа катталган. Анын 1,1 миллиону жеңил машинелер. (ZKo)

Дагы караңыз

Агартуу министрлиги алты күндүк окуу тууралуу комментарий бердиБШКнын жаңы курамына талапкерлер көрсөтүлдү"Элдик банк" "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" курууга насыя беретЫсык-Көлдөн беш айда 131 миң метрден ашык синтетикалык тор чыгарылдыПашинян Арменияда референдум өткөрүү талабын четке кактыReuters: Волгограддагы мунай заводу дрон соккусунан кийин ишин токтотту