Кыргызстандын криптосаясаты жана Батыштын "кара тизмеси"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү. Ал криптовалюта жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн туруктуу орган болмокчу. Жапаров тиешелүү кеңешти былтыр түзгөн жана эл аралык Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылып алган. Бийлик анын жардамы менен Кыргызстандын алгачкы USDKG криптовалютасын чыгарган. Аз күн мурдараак Улуу Британия Кыргызстандын ошол компаниясына санкция салды.