Депутат Сурабалдиева Жибек Урустемованын балдарынын атынан өкмөткө кайрылды

Жибек Урустемова. ("Азаттыктын" коллажы)

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 3-июндагы жалпы отурумда 2025-жылдын аягында күйөөсүнүн колунан каза тапкан Жибек Урустемованын балдары кайрылып, апасынын өлүмү боюнча соттук териштирүү улам жылдырылып жатканына даттанышканын айтты. Депутаттын сөзүнө караганда, сот иштери айыптоочу катышпагандыктан беш жолу жылдырылган.

Элвира Сурабалдиева ошондой эле Жибек Урустемова көзү тирүү кезинде Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алганын, анын карыз акчасын өкмөт толугу менен жоёру тууралуу убада болгонун эскертти:

"Президент менен өкмөткө рахмат, анын карыз акчасы өкмөт тарабынан төлөнүп, карызы жабылды деген маалымат келиптир. Банк алдындагы карызы толугу менен жоюлганы айтылган дейт. Бирок батирди каттоо соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн экени айтылыптыр. Ошондой эле карыз жоюлганын тастыктаган эч кандай расмий документ берилген эмес экен. Балдар аябай суранып атышат, улуусу студент, эки баласы мектепте окушат экен. Өкмөткө үнүбүздү жеткирип коюңузчу деп аябай суранып жатышат", - деген депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, маселени чечүүгө көмөктөшүүсүн өтүндү.

2025-жылы декабрда күйөөсүнүн колунан көз жумган Жибек Урустемованын ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергей турганы айтылган. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев окуяны айыптап, маркумдун 19 жаштагы тун уулу Бекжанды кабыл алган. Жолугушуудан соң Жибек Урустемованын балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүү чечими кабыл алынганы, ипотекалык төлөмдөр, улуу уулун жумушка орноштуруу жана кичүү балдарын окутууга жардам берүү каралганы, бул маселе Ташиевдин өзгөчө көзөмөлүндө болору кабарланган.

10-февралда Камчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан алынган.

Жибек Урустемова былтыр 23-декабрда Бишкектеги батиринде күйөөсү тапанча менен атып салганда ошол жерден мерт болгон. Ал күнү жубайлардын ажырашууга байланыштуу соту болгону, күйөөсү - мурдагы милиция кызматкери сотто ажырашпасын айтканы кийинчерээк белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат интернет шылуундарга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айттыЖогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамын шайлады Эрулан Көкүлов МИК салып жаткан үйлөрдүн сапатын сынга алдыЖалал-Абадда төрөткөнү үчүн акча алган дарыгерлерге сөгүш берилдиШКУ жыйынына байланыштуу Бишкекте бир нече жерде жол кыймылы чектелет