Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында уюлдук телефон, интернет аркылуу алдамчылык кылгандарга каршы күрөштү күчөтүү талабы айтылды.
Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов маселе көтөрүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлигин (ИИМ) катуураак иш алып барууга чакырды.
“Депутат, вице-спикерлердин сүрөтүн, атын коюп алып жазып жатышат. Азыр карапайым элди телефон чалып туруп эле алдап коюшууда. Ушул маселеге олуттуу көңүл буруш керек”, - деди ал.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет алдамчылыгына байланыштуу 1547 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш ишинин бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Келтирилген чыгым 826 млн 495 миӊ сом деп эсептелип, анын ичинен 73 млн 896 миӊ сом кайтарылган.
Шылуундар мындай мыйзамсыз иштерди көп учурда дропперлердин жардамы менен жасайт. Дроппер – бул сим-карта же банк эсебин башка адамдарга сатып жиберип, атайылап же билбей шылуундардын ишине көмөк көрсөткөндөр. Интернет шылуундар ал аркылуу уурдалган акчаны өзүнүн банк картасына которуп же чет жакка чыгарып кетет. (BTo)
Шерине