Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:58

Кендирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга катуу чара көрүлөрүн айтты

Догдуркүл Кендирбаев
Догдуркүл Кендирбаев

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте айрым мектептерде оңдоп-түзөө иштерине ата-энелерден акча чогулткан фактылар аныкталып, бир нече иш укук коргоо органдарына берилгенин билдирди. Бирок кайсыл билим берүү уюмдары тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Бул тууралуу ал 3-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты жана анын негизинде мугалимдер кызматтан кеткен учурлар болгонун кошумчалады. Догдуркүл Кендирбаева мектептерде акча чогултууга тыюу салынганын, мыйзамсыз акча жыйынаган директор, мугалимдерге катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.

Агартуу министрлиги буга чейин мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине, өзгөчө жайкы эс алуу мезгилинде, тартууга тыюу салынганын кабарлаган.

Министрлик 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоо иштерине 404 млн сом каралганын, мугалимдердин негизги милдети окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков парламенттин 3-июндагы жыйынында 404 млн сом мектептин чарчы метрине эмес, окуган балдардын санына жараша бөлүнгөнүн, ал каражат жетпей калган учурлар бар экенин айтты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG