Орусияда "Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму" (ПМЭФ) ачылып жаткан күнү, 3-июнда Санкт-Петербургдагы эң ири мунай объекттеринин биринде өрт тутанды, жалпы Ленинград облусунун аймагынан 59 учкучсуз учак атып түшүрүлдү.
Санкт-Петербургдун тургундары түнкү саат үчтөн баштап шаарда жарылуу угула баштаганын айтышты.
Өрт чалган "Санкт-Петербург мунай терминалы" мунайды сактоочу, кайра иштетүүчү жана жөнөтүүчү эң ири комплекстердин бири.
ТАСС агенттигинин жазганына караганда, Пулково аэропортунда 20дан ашык каттам кармалды.
Росавиация саат таңкы төрттөр чамасында "Ковер" планын киргизген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактардагы баракчаларына 3-июнда жарыялаган маалыматында "Түндө Орусиянын аймагындагы маанилүү объектилерге сокку урулду" деп жазды жана аларды украиндерге каршы согушту камсыздаган ишканалар деп атады:
"Согуш үчүн иштеп жаткан "Санкт-Петербург мунай терминалы" Украинанын мамлекеттик чек арасынан болжол менен 1100 километр аралыкта жайгашкан. Кронштадт базасындагы аскердик бутага да жеттик. Дагы бир бута Тамбов облусундагы курал өндүрүү менен алектенген ишкана болду. Ал фронт тилкесинен дээрлик 600 километр аралыкта орун алган".
Бүгүн шаарда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму башталууда. Бул Орусиянын экономикалык чөйрөсүндөгү башкы иш-чаралардын бири. Ал үч күн уланат.
Айрым маалыматтарга караганда, шаарда мобилдик интернет өчүрүлүүдө.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат. (RK)