Жетекчилердин эл менен жолугушууларында мектеп, бала бакча, таза суу көйгөйү көп көтөрүлүүдө

Бишкек мэринин шаардыктар менен жолугушуусу. 12-май, 2026-жыл.

Ар бир облус, шаар башчыларынын жер-жерлердеги эл менен жолугушуулары ушул тапта уланып жатат. Жетекчилердин жолугушуусунда жарандар мектеп, бала бакча, ичүүчү жана сугат суу жетишпей жатканын айтып, негизги маселе катары көтөрүшүүдө. Андан тышкары айыл өкмөт башчыларынын, акимдердин, айрым райондордогу тийиштүү жетекчилердин ишине нааразылыктар арбын айтылып жатат.

Кээ бир аймактарда айыл чарба багытындагы жерлери мыйзамсыз трансформацияланып, турак-жай курууга берилип кеткенине даттанган жарандар болууда.

3-июнда президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун эли менен жолугушту. Чүй облусундагы өкүл Элчибек Аширбаев Жайыл районунда, Нарын облусундагы өкүл Нурбек Сатаров Нарын районунда, Жалал-Абад облусундагы өкүл Тилек Текебаев Шамалды-Сай шаарында эл менен жолугушууларды өткөрүштү.

Мамлекет башчынын тапшырмасы менен президенттин облустардагы өкүлдөрү, аймактагы кызмат жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери 11-майдан бери жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөрүн угуп жатышат.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жолугушуулар алдыңкы эки ай ичинде жүргүзүлөрүн жана бардык айылдарды камтый турганын, эч кандай тандоо же чектөө болбосун белгилеген.

Орунбеков бийлик өкүлдөрү элдин үнүн угуп, көйгөйлөр болсо жооп берип, мүмкүнчүлүккө жараша жеринде чечүүгө аракет болорун айткан. (ZKo)

Дагы караңыз

"БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз". Кыргызстан эки жылда эмне сунуштайт? Мамлекеттик ишмер жана советтик дипломатия ардагери Кеңеш Кулматов дүйнө салды"Кассандра": Туула элек баланын кылмышы"Генералды каралаган топ пайда болду". Ташиевдин тарапташынын дооматы “Батиримди суу каптады”. Караколдо МИК курган үйдүн сапаты суроо жаратты