"Талкуусу жок эле шайлап коелу". БШКнын жаңы курамына кимдер кирди?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
3-июнда парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады. Президент жана Жогорку Кеңеш сунуштаган БШКнын жаңы курамына мурдагы депутаттар жана бийликке жакын адамдар кирди. Буга чейин БШКнын мүчөлөрүнүн саны азайтылып, бул органдын көз карандысыздыгына байланыштуу талкуулар болгон эле. Шайлоо комиссиясынын төрагалыгына Тынчтыбек Шайназаров кайрадан шайланды. Президенттик шайлоо алдында түзүлгөн БШКнын жаңы курамына кимдер кирди?