Ардагер журналист Баян Жумагулова сотто акталды

Баян Жумагулова.

Кастыкты козутуу беренеси менен кылмыш иши козголгон ардагер журналист Баян Жумагулова Бишкек шаардык сотунан акталды. Бул тууралуу журналист өзү "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтуусунда Бишкек шаардык соту ишти бүгүн, 4-июнда карады.

"Мага карата Свердлов райондук сотунун жүз миң сом айып пул салган чечимин Бишкек шаардык соту толук жокко чыгарып, актады", - деди Жумагулова.

Журналисттин ишин караган Свердлов райондук соту аны айыптуу деп таап, мамлекеттин эсебине жүз миң сом төлөөгө милдеттендирген. Сот чечимине нааразы болгон журналист апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Журналист Баян Жумагуловага 2024-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Журналист сот чечими менен эч жакка кетпөө тил катынын негизинде жашаган жеринен чыкпоого милдеттендирилген.

Анын иши боюнча соттук териштирүү улам бир себептер менен бир жарым жылдан ашуун убактан бери Свердлов райондук сотунда каралып, апрелдин аягында чечим чыккан.

Баян Жумагулова 67 жашта, 2-топтогу майыптыгы бар. Мурда "Азаттыкта" иштеп, пенсияга чыккан. (ZKo)

Дагы караңыз

Түркияда кыргыз жараны ФЕТО уюмуна байланыштуу кармалдыДепутат Бекешев жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоону көзөмөлдөө маселесин көтөрдүКочкордо мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Уланбек Эгизбаев атындагы стипендия тапшырылдыКыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болдуКурманкул Зулушев сотту ачык өткөрүүнү колдой турганын айтты