Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого көзөмөл кандай жүргүзүлөрүнө кызыкты. Ал парламенттин 4-июндагы отурумунда Башкы прокуратуранын өкүлүнө суроо коюп, тыңшоого уруксат кандай берилерин сурады.
"Албетте, чалгын, чалгынга каршы жана башка иштер үчүн сиздерге бул керек. Бирок тыңшоо жүргүзүүгө ким, кандайча көзөмөл кылат? Уруксатты ким берет? Башкы прокуратуранын ролу кандай?".
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого прокурордун уруксаты сөзсүз алынарын билдирди. Анын сөзүнө караганда, тыңшоолор Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде гана, сот, прокуратура аркылуу жүргүзүлөт. Коңкубаева маалыматтар жашыруун деген негизде ашыкча маалымат бере албасын айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев тыңшоо соттун чечими болмоюнча жүргүзүлбөсүн, прокуратура да көзөмөл кыларын кошумчалады.
4-июнда Жогорку Кеңеште Санарип кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 2-3-окуудан карап, кабыл алып берди.
Кыргызстанда депутаттардын, саясатчылардын, активисттердин жана башка адамдардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү тыңшалган, жаздырылып алып, коомчулукка таратылган учурлар арбын катталат. (ZKo)
Шерине