3-июнда Индиянын борбору Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда Florist Inn мейманканасында чыккан өрттөн 21 адам, анын ичинде Кыргызстандын үч жараны (1976-жылы төрөлгөн, Х.Н., 2003-жылы төрөлгөн Х.Т. жана 1950-жылы төрөлгөн К.М.) каза болду.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мейманканада жашаган чет элдик жарандардын көбү Нью-Дели шаарындагы медициналык мекемелерде дарылануу максатында Индияда жүрүшкөнүн билдирди.
Кыргызстандын Индиядагы элчилиги каза болгон кыргызстандыктардын туугандары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардамды көрсөтүүдө. Ошондой эле алардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү аракети көрүлүп жатат. (BTo)
Шерине