Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышын жоопкерчилик катары баалады

Садыр Жапаров БУУнун трибунасында. 2025-жыл.
Садыр Жапаров БУУнун трибунасында. 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын эл аралык коомчулуктун ишеними жана БУУга мүчө мамлекеттердин алдындагы чоң жоопкерчилик катары баалады.

Президент бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, Кыргызстан туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенин билдирди.

“Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз”, - деп кошумчалады мамлекет башчы.

3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган жок. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жетти.

Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.

Садыр Жапаров жеңиш белгилүү болору менен Фейсбуктагы баракчасына “Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!”, - деп жазган. Андан көп өтпөй дагы бир билдирүү жасады.

Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамында 15 мамлекет бар. Алардын бешөө - АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Британия туруктуу мүчөлөр болуп эсептелет жана вето укугуна ээ. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG