2-июндун кечинде жана 3-июнга караган түндө Иран коңшу мамлекеттерди - АКШнын аскер базалары жайгашкан Кувейт менен Бахрейнди бир нече жолу учкучсуз учактар жана ракеталар менен аткылады. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) маалымдады.
Билдирүүдө айтылгандай, Ирандын коңшу өлкөлөргө аткан бир нече ракетасы бутага жеткен эмес. Бахрейнге багытталган дрондор америкалык жана бахрейндик коргонуу системалары аркылуу жок кылынган, Кувейтке багытталган эки ракета да бутага жетпей абада жок болгон.
Командачылык ошондой эле америкалык аскерлер Ирандын үч жанкечти дронун атып түшүргөнүн билдирди. Америкалык аскерлер соккуга жооп кылып Ормуз кысыгынын Кешм аралындагы Ирандын аскердик жайына "коргонуу тартибиндеги сокку" урган.
X соцтармагына кийинчерээк CENTCOM Кувейтке багытталган ирандык дрондор толкуну жок кылынганы тууралуу пост жарыялады.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Бахрейнде АКШнын 5-флотунун штабы жана аскер базасы кыйраганын билдирди. Америкалык командачылык билдирүүнү четке кагып, америкалык аскерлер арасында жабыркагандар жоктугун маалымдады.
Жергиликтүү маалымат каражаттары дрон сыныктары күйүп жатканы тартылган видеолорду жарыялашты.
Соккудан кандайдыр бир зыян келтирилгенин тастыктаган көз карандысыз маалыматтар жок.
Кувейт Куралдуу күчтөрү өздөрүнүн коргонуу системасы "душмандын ракета жана дрон чабуулунун мизин кайтарганын" билдиришти. 3-июндун таңында Кувейттеги аэропорттун иши убактылуу токтотулганы жарыяланды.
АКШ менен Ирандын ортосунда атышууну токтотуу тууралуу апрелдеги келишимден бери бул алгачкы жолу жасалган олуттуу соккулар болуп калды. Тараптар ортомчулар аркылуу жүргүзүп келе жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү азырынча натыйжа бере элек.
Шерине