Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Аннексияланган Донецкиде дрон соккусунан жети өмүр кыйылды

Согуштук дрон. Архив сүрөт.
Согуштук дрон. Архив сүрөт.

Орусия аннексиялап алган Донецк облусунда автобуска тийген соккудан кеминде жети адам каза болду. Бул тууралуу Москва дайындаган оккупациялык облустук администрациянын башчысы Денис Пушилин 3-июнда Telegram аркылуу билдирди.

Дрон чабуулу үчүн ал Украинаны айыптап, Енакиеводо Москва - Симферополь багытындагы автобус чабуулга учураганын айтты.

Енакиево Кара деңиздеги Орусия аннексиялаган Крым жарым аралына жана анын борбору Симферополго кеткен жолдо жайгашкан шаар.

Пушилин окуяны "адамгерчиликсиз агрессия" деп атады. Орусиянын Тергөө комитети террористтик акт деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына 2022-жылдын февралынан бери каршы күрөшүп келаткан Украина орус жергесинде аскердик жана өнөр жай объектилерине гана сокку уруп жатканын дайыма баса белгилеп айтып келет. Ошентсе да украиналык дрон соккуларынан жайкын тургундар да жабыркап жатат.

Орусия, өз кезегинде, "өч алуу соккуларын" барган сайын күчөтүүдө. 2-июнда эле, мисалы, Киев жана Днепр сыяктуу миллиондогон калкы бар украиналык шаарларга дрон жана ракета менен жапырт чабуул жасалып, кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 130 адам жараат алды.


Шерине

XS
SM
MD
LG