Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:36

Кыргызстан Жакынкы Чыгышта кырдаалдан курчушуна тынчсыздануусун билдирди

Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бир катар өлкөлөрдүн аймактарына кайрадан жасалган аба соккуларына тынчсыздануусун билдирди.

Расмий Бишкек жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган сүйлөшүү процессине доо кетириши мүмкүн болгон ар кандай аскердик аракеттерди айыптап, тараптарды сабырдуулук көрсөтүүгө, кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келиши мүмкүн болгон кадамдардан карманууга жана ок атышууну токтотуу режимин сактоого чакырды.

“Эл аралык укуктун жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставынын ченемдерин, айрыкча жаңжалдын тарабы болуп саналбаган Булуң өлкөлөрүнө карата, так сактоого, ошондой эле жаңжалды аскердик эмес, дипломатиялык жолдор менен жөнгө салуу боюнча аракеттерди улантууга чакырат”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тараткан билдирүүдө.

2-июндун кечинде жана 3-июнга караган түндө Иран коңшу мамлекеттерди - АКШнын аскер базалары жайгашкан Кувейт менен Бахрейнди бир нече жолу учкучсуз учактар жана ракеталар менен аткылады. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) маалымдады.

Билдирүүдө айтылгандай, Ирандын коңшу өлкөлөргө аткан бир нече ракетасы бутага жеткен эмес. Бахрейнге багытталган дрондор америкалык жана бахрейндик коргонуу системалары аркылуу жок кылынган, Кувейтке багытталган эки ракета да бутага жетпей абада жок болгон.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Бахрейнде АКШнын 5-флотунун штабы жана аскер базасы кыйраганын билдирди. Америкалык командачылык билдирүүнү четке кагып, америкалык аскерлер арасында жабыркагандар жоктугун маалымдады.

АКШ менен Ирандын ортосунда атышууну токтотуу тууралуу апрелдеги келишимден бери бул алгачкы жолу жасалган олуттуу соккулар болуп калды. Тараптар ортомчулар аркылуу жүргүзүп келе жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү азырынча натыйжа бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG