Кыргызстанга чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды легалдаштырууга дагы бир мүмкүнчүлүк берилип, ал 1-сентябрга чейин уланмай болду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, чет элдик номур менен жүргөн машинелердин ээлери Министрлер кабинети белгилеген тартипте автоунаасын мыйзамдаштырып алса болот. Андан тышкары Кыргызстандан чыгарып кетүү, тетиктерге бөлүп сатуу укугу бар. Бул жарлык өлкөгө 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташылып келген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспортторго гана жайылтылат.
Легалдаштыруу бир эле жолу болот жана мындан ары узартылбайт деп белгиленди.
1-сентябрга чейин жетишпей калгандардын автоунаасы андан ары мыйзамдаштырылбайт жана Кыргызстандын аймагында айдаганга тыюу салынат. Өкмөт 30 күндүн ичинде чет өлкөлүк номур менен жүргөн машинелерди легалдаштыруунун жол-жобосун, баасын аныктайт. Жарлык расмий жарыялангандан тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанга мурда Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча 2025-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин мүмкүнчүлүк берилген. Бул убакыт аралыгында 30 миңден ашык машине мыйзамдаштырылган. Ал эми жетишпей калгандар автоунаасын чет өлкөгө алып чыгып кетип же тетик катары чачып сатышы керек болчу.
Ушул тапта чет өлкөлүк номур менен жүргөн автоунаалар кармалып, айып короого токтотулууда. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана чет өлкөлүк номурлуу машинелердин ээлери дагы бир жолу убакыт берүүнү суранышкан.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер киргизилип кеткен. (BTo)
Шерине