Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:37

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан баңгизат каналын жоюу операциясын ишке ашырышты

Баңгизат. ИИМ жарыялаган видеодон алынган кадр. Июнь, 2026-жыл.
Баңгизат. ИИМ жарыялаган видеодон алынган кадр. Июнь, 2026-жыл.

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында баңгизат таратуучу трансулуттук канал жоюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдады.

Атайын операциянын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү ооган баңгизаттарын Кыргызстан аркылуу Казакстанга алып өтүп, сатуу менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы белгилүү болду.

Казакстандын Шымкент шаарында 4 кг 920 гр апийимди катылган жеринен алып бараткан чет элдик жарандар 38 жаштагы Ф.К. жана 50 жаштагы Т.А. кармалышкан.

Ошондой эле Кыргызстандын Баткен облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз ташып сатуу фактысы аныкталган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Э. аттуу жаран Тажикстандан Кыргызстанга сатуу максатында гашиш ташып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Баткен облустук милициясынын кызматкерлери ал 33 жаштагы Э.Э.Й. экенин аныкташкан жана аны баңгизат сатып жаткан жеринен кармашкан. Өзүн жана унаасын тинтүү учурунда салмагы 3 кг тыюу салынган зат табылган. Жашаган жеринен да жалпы салмагы 31 кг 398 граммды түзгөн 31 таңгак алынган.

ИИМдин маалыматында ошондой эле Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга баңгизат ташууга тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн да аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды. Ага ылайык , Өзбекстандын укук коргоо органдары 31 жаштагы Х. Т. Т. аттуу жаранды кармап, 14 кг гашиш жана 1 килограмм апийим алынган.

ИИМ буга чейин Орусиянын укук коргоо органдары менен чогуу баңгизаттарды таратуунун трансулуттук каналына бөгөт коюлганын маалымдаган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG