Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:34

Тынчтык Шайназаров кайрадан Боршайкомдун төрагасы болуп шайланды

Тынчтык Шайназаров.
Тынчтык Шайназаров.

3-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы шайланган курамынын биринчи жыйналышы өтүп, Тынчтык Шайназаров сегиз добуш менен кайрадан Боршайкомдун төрагасы болуп шайланды.

Русланбек Жакышов жана Лейла Лурова төраганын орун басарлагына шайланды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамынын мүчөлүгүнө талапкерлерди жактырган. Президент Садыр Жапаров Боршайкомдун мүчөлүгүнө Алмаз Айбалаевди, Русланбек Жакышевди, Бөдөш Мамырованы жана Миргүл Темирбаеваны көрсөткөн. Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаровдун, Сүйүнбек Касмамбетовдун, Лейла Лурованын жана Тимур Оторбаевдин талапкерлигин жылдырган.

Алардын ичинен беш адам Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, үчөө парламенттин аппаратынын мурдагы кызматкерлери.

Садыр Жапаров май айында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана алардын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

Боршайкомдун 12 адамдан турган мурдагы курамы 2021-жылы июнда шайланган. Кыргызстанда 2027-жылдын январь айында президенттик шайлоо өтөт.

52 жаштагы Тынчтык Шайназаров Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айылында туулган. Эмгек жолун 1996-1997-жылдары Чоң-Алай районунун прокуратурасында иштөөдөн баштаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты. 2025-жылдын февраль айынан бери БШКнын төрагасы болуп иштеп келатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG