5-июндун аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

5-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 27…29° болот.

Дагы караңыз

Орусия менен Украина бири-бирин аткылады. Бир нече киши каза тапты, ондон ашууну жараат алды “75чилердин иши” боюнча сотко Иса Өмүркулов күбө катары келдиЖаш балдарды тарткан "Юнармиянын” көздөгөнү эмне? Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,5 млрд доллардан ашты Түркияда кыргыз жараны ФЕТО уюмуна байланыштуу кармалдыАрдагер журналист Баян Жумагулова сотто акталды