Израил менен Ливан атышууну токтотуу тууралуу макулдашты

Тир шаары Израилдин аткылоосунан кийин. 1-июнь 2026-жыл

Израил жана Ливан АКШнын арачылыгы менен өткөн сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу 3-июнда америкалык тышкы саясий мекеме билдирди.

Тараптардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылгандай, келишимдин тагдыры Иран колдогон "Хезболла" согушкер тобунун чабуулдарын толугу менен токтотуудан жана башка шарттардан "көз каранды".

Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Ливандын куралдуу күчтөрү көзөмөлдөй турган пилоттук тилкелерди түзүүгө макул болушту. Ливанда жайгашкан Тегерандын таламын талашкан “Хезболла” радикалдуу тобу Ливандын түштүгүндө чоң аймакты көзөмөлдөйт. Израил жана АКШ аны террордук уюм деп эсептешет, бирок Европа Биримдиги "Хезболланын" саясий партиясын эмес, куралдуу канатын гана "кара тизмеге" киргизген.

Израил анын коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоого “Хезболланы” куралсыздандырганда жана топтун Ливандагы бардык жайларын жок кылганда гана жетсе болорун кайталады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти "көрүлгөн кадамдар ар тараптуу тынчтык жана коопсуздук келишимине карай прогресске өбөлгө түзүшү керек" деп баса белгиледи. Буга байланыштуу Израил менен Ливан эки жумадан кийинки аптада саясий жана коопсуздук маселелери боюнча талкууларды кайра баштоого макулдашканы кабарланды.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө ошондой эле катышуучулар Ирандын аймактагы өлкөлөргө жасаган чабуулдарын жана Жакынкы Чыгыштагы бейстабилдүүлүккө алып келген кадамдарын айыпташканы айтылды.

Ок атышууну токтотуу жарыяланганга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израилдин Бейрутка жасаган ар кандай чабуулу "олуттуу кесепеттерге жана согуштун толук кайра башталышына" алып келерин эскерткен.

Израил менен Ливандын ортосундагы келишимге АКШнын ортомчулугу менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасынан кийин жетишилди.

Тегерандын таламын талашкан согушкерлер 2-мартта Израилди аткылап, ЦАХАЛ (израилдик армия) операция баштагандан бери, Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3 миңден ашуун киши каза тапты, аба соккуларынан качкан 1,2 миллион тургун жер которду.

Израил 23 жоокери жана карапайым төрт киши набыт болгонун маалымдаган.

Дагы караңыз

Тяньаньмендеги кыргынга 37 жыл болду Элчи болуп эми дипломатияда 10 жылдан кем эмес иштегендер гана дайындалат"Гүлен кыймылына байланышы бар деп айыпталууда". Түркияда дагы бир кыргызстандык кармалды