Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы боюнча “Кабар” улуттук агенттигине интервью берди.
Президент Коопсуздук кеңешине мүчө болуу үчүн Кыргызстан эки жыл мурда эле дүйнөдөгү бардык мамлекеттер менен иштеп баштаганын, шайлоодо расмий Бишкек коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин чечкени маанилүү роль ойногонун айтты. Андан тышкары Кыргызстан БУУга бир катар сунуштар менен барарын кошумчалады.
“Кудай буюрса, сентябрь айында БУУга барганда абдан катуу, татаал сунуштарды беребиз. БУУнун авторитетин жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. БУУнун чечимдери дегенде, мейли кайсы мамлекет болбосун, так аткаргандай болушу керек. Болбосо БУУда алты комитет болсо, бешөөнүн чечимдерин эч ким деле тоготпой калды. Көбүнчө Коопсуздук кеңешинин чечимдери гана аткарылып келе жатат. Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек. Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек”, - деди президент.
3-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган жок. Төртүнчү айлампада Кыргызстан 142 добуш менен жеңишке жетти.
Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт.
Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.
Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамында 15 мамлекет бар. Алардын бешөө - АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Улуу Британия туруктуу мүчөлөр болуп эсептелет жана вето укугуна ээ. (BTo)