Путин НАТО аймагына кол салуу тууралуу билдирүүлөрдү акылсыздык деп атады

Владимир Путин.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги билдиргендей, Санкт-Петербург экономикалык форумунун алкагында чет өлкөлүк журналисттер менен жолугушууда орус президенти Москванын Европага ыктымал кол салуу тууралуу суроого күлүп жооп берди. Ал Орусиянын НАТО өлкөлөрүнө кол салуусунун эч кандай мааниси жоктугун айтты.

"Мен муну [Орусиядан коркунуч бар деген билдирүүлөр] акылсыздык деп айтам, бирок, менимче, бул жөн гана акылсыздык эмес – бул чындыгында жок коркунучту жаратып, өз өлкөлөрүнүн калкын коргонууга көбүрөөк акча коротууга мажбурлоо үчүн атайылап жасалган чагым. Биринчи кадам катары – Киевде бийликти басып алган режим үчүн төлөп жатышат", - деди Путин.

Медиа өкүлдөрү менен сүйлөшүүсүндө Путин Орусия Украинага "Орешник" менен сокку урганын мойнуна алды. Бирок сокку "сыноо максатында" "сарайга" урулганын билдирди.

Согуштун бүтүшү тууралуу суроого жооп берип жатып Путин АКШ президенти Дональд Трамп Орусиядан тынчтык келишими үчүн мунасага барууну суранганын, Орусия буга Украина да ошондой эле мунасага макул болсо гана барууга даяр экенин айтты.

Дагы караңыз

Президент санкциялык саясат боюнча атайын өкүл дайындадыКыргызстанда 13 медициналык окуу жай аккредитациядан өтпөй калдыПрезидент Жапаров Кыргызстан БУУга бир катар сунуштарды берерин айтты"Кальян паашасы". Данияр Үсөновдун уулу Алматыда кармалды Израил менен Ливан атышууну токтотуу тууралуу макулдаштыЕврошаркет Арменияга 50 миллион евро жардам берет