Орусиянын Финансылык чалгын кызматы (Росфинмониторинг) "Мемориал" уюмун жана аны менен байланышы бар отуздан ашуун бирикмени "террористтер жана экстремисттер" тизмесине киргизди.
Бул тизмеге "Мемориалдын" филиалдары, ошондой эле "ОВД-Инфо", "Револьт-центр" уюмдары жана "Пермь-36" музейи кошулду.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында Орусиянын Жогорку соту "Мемориал" эл аралык коомдук уюмун экстремисттик деп таап, анын өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салган болчу.
"Мемориал" эл аралык ассоциациясынын башкармалыгы Росфинмониторингдин тизмесинде көрсөтүлгөн уюмдардын көбү иш жүзүндө буга чейин эле жоюлуп кеткенин билдирди.
Ал эми "Револьт-центр" уюму 2025-жылдын август айында "чет элдик агент" деп табылып, анын негиздөөчүсү Павел Андреевдин үстүнөн козголгон мамлекеттик чыккынчылык иши алкагындагы тинтүүлөрдөн кийин жабылган.