Мүлктүн жаңы кожоюндары кафени алар мурда өздөрү мыйзамсыз алдырып жиберишкенин билдирип, сот аркылуу утуп чыкканын айтышууда. Сот аткаруу департаменти да тиешелүү чечим бар экенин кабарлоодо.
Чуунун башы
“Тюбетейканын” кире беришинде 4-июндун кечинде тартылган бул тасма тамактануучу жайдын расмий баракчасында жарыяланды. Анда өздөрүн кафенин жаңы кожоюндары деп тааныштырган кишилер сот аткаруучулардын коштоосунда келип, мүлктү бошотууну талап кылып жатканы тартылган. Кафени буга чейин иштетип келгендер болсо муну мыйзамсыз басып алуу деп атап, тараптар түнү менен тартышып чыгышты.
5-июнда биз жерине барган маалда “Тюбетейка” кафесинин кожоюндары үстөл-олтургучтарын жана башка буюмдарын ташып кетип жатышкан экен.
“Тюбетейка” кафесинин башкаруучусу Илзат Ниязов “Азаттыкка” буларды айтып берди:
Илзат Ниязов
“Күтүлбөгөн рейдерлик басып алуу болду. Адамдар бир документтерди көрсөтүп, милиция кызматкерлерин, жеке менчик ыкчам аракеттенүү тобун чакырып, кафени ээлешти да, бизди сүрүп чыгарып коюшту. Кечээ кечки саат 21:00дөн баштап, түнү менен, таң аткыча алыштык. Азыр гана биздин буюмдарды алып кетүүгө макулдук беришти. Териштирип-тескөө иштери дале уланууда. Менин билишимче, имарат банкта күрөөдө турган. Документтерди ал жактан да чыгарып, өздөрүнө каттатып алышкан. Ошондон кийин бизди сотко берип, ал жакта чечим чыгартып, тартып алышты. Бизде бардык документтер бар, калганын юристибиз айтып берет. Соттук териштирүү жүрүп жаткан маалда бизди чыгарбашы керек эле, а булар жөн гана чыгарып коюшту”.
"Тюбетейка" кафесинин жүктөрүн ташып кетүү учуру.
Деген менен канчалык аракет кылбайлы “Тюбетейка” кафесинин юристи “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты. Ошондуктан калган баяныбызды соттук чечимдеги маалыматтарынын негизинде уланталы.
Белгилүү кафенин тарыхы
Демек, “Тюбетейка” кафеси Бишкек шаарынын Панфилов паркынын бир бурчунда жайгашкан белгилүү тамактануучу жай. Жер аянты 1880,0 чарчы метр, имараттын аянты 749,9 чарчы метрди түзөт. Муниципалдык жайга караган жер айрым маалыматтарда 2000-жылдарга чейин менчик колго өткөнү айтылат.
Бишкектин Панфилов паркында жайгашкан "Тюбетейка" кафесинин картасы. 2gis.kg сервисинен алынган скриншот.
2012-жылы ага ээлик кылып турган “Shan He курулуш компаниясы” деп аталган фирма “Chung Hua” (Чунг Хуа) деп аталган компанияга сатат. “Shan He” алданып калганын айтып, кийин сотко кайрылат. 2015-жылы Бишкектин райондор аралык соту алды-сатты келишимин жокко чыгарып, имаратты “Shan He” компаниясына кайтарып берет. Имарат колдон колго өтөт.
"Тюбетейка" кафесине байланыштуу 2023-2024-2025-жылдары чыккан сот чечимдери.
2018-жылы мында “ProKazan” аттуу ресторан ачылган. Кийин ал “Тюбетейка Family” деп өзгөрүп, азыркыга чейин “Тюбетейка чайхана” деген аталыш менен иштеп келген. Кафеге ишкер Тахир Ибрагимов жана ресторатор Рано Бабаджанова ээлик кылышчу.
Тахир Ибрагимов жана Рано Бабаджанова.
Ал ортодо “Chung Hua” компаниясы 2015-жылкы сот чечимине каршы даттанып, мүлкүн кайра кайтарып алууну талап кылат. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2022-жылы бул өтүнүчтү канааттандырып, соттун мурдагы чечимин жокко чыгарат жана имаратты “Chung Hua” компаниясына кайтарып берет.
Маселени 2023-жылы Бишкек шаардык соту, 2025-жылы Жогорку сот да карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырышкан. 2026-жылдын башында сот имаратты бошотуу чечимин чыгарган экен.
“Chung Hua” компаниясынын өкүлү, юрист Канат Алымжанов мындай деди:
Канат Алымжанов
“2023-жылдан бери бул имарат Мамлекеттик каттоо кызматында жеке менчик укугу биздин компаниябызга катталган. Биз ошол мөөнөттөн бери буларды имараттан чыгаруу процессин жүргүзүп келдик. Бешке чукул жарандык жана административдик иштери бөлөк-бөлөк жүрдү. Ошол процессте биздин оппоненттерибиз утулушкан. Соттун чечимдери толук күчүнө кирди, баары биз тарапка чечилген. Сот аткаруучуларга кагаз келип түшүп, алар эскерткенине карабай кафени иштетип жаткан адамдар чыкпай келишти. Ошондуктан эми сот аткаруучулар аларды мажбурлап чыгаруу иштерин жүргүзүп жатышат. Кечээ мүлктөрдү ташып чыгуу маселесине байланыштуу тараптардын ортосунда келишпестик болуп, чыр чыккан. Видеолордо бул жерде жаңжал болуп жаткандай маалымат тарап кетиптир. Азыр сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кафени иштетип келген адамдар жүктөрүн өз ыктыяры менен алып чыгып кетүүгө макул болушту. Маселени урушпай, талашпай, чечип алууну келиштик”.
Сот аткаруучулардын түшүндүрмөсү
Кыргызстанда мурдагы бийликтердин тушунда кээ бир ишкерлер, тамактануучу жайлар же башка ишканалар кез-кезде рейдердик басып алууга кабылганын айтып, ал чуу жаратып калат.
Ушундан улам соңку окуя да социалдык тармактарда кызуу талкууланып, резонанс жаратты. Айрым басылмалар кафенин имаратына милиция мөөр басып кеткенин жазышты. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бул маалыматты четке кагып, ишти сот аткаруучулар жүргүзгөнүн, алар жөн гана тартипке көз салганын билдирди.
Сот аткаруу кызматынын имаратты бошотуу соттун чечиминин негизинде жүргөнүн билдирди.
Сот аткаруу кызматынын Сот аткаруучулардын иш-аракетин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Сагынбаев буларды айтты:
Нурсултан Сагынбаев
“2026-жылдын 19-февралында Бишкек шаарынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 13-февралындагы чечимин аткаруу барагы келип түшкөн. Бүгүн “Тюбетейка” кафесин бошотуу иш-чарасы ошол аткаруу барагынын негизинде жүрүп жатат. Аткаруу документи келип түшкөн соң аны өз ыктыяры менен аткаруу үчүн алгач 10 күндүк мөөнөт берилет. Ал 19-февралда эле берилген. Бирок карызкор аны ошондон ишти создуктуруу максатында аны аткарбай келген. Ошол себептен сот аткаруучулар мажбурлоо иретинде аткартуу үчүн 4-июнда келип, мажбурлоо иш-чараларын жүргүзүп жатышат”.
“Тюбетейка” кафесинин кожоюндары Тахир Ибрагимов жана Рано Бабаджанова Кыргызстанда мындан сырткары “Кайнар”, “Барашек”, “Фрунзе”, “Зерно”, “Экипаж” жана башка ири ресторан-кафелерди да иштетишет.
Ал эми кафенин имаратын кайрадан кайтарып алган “Chung Hua” компаниясына кытайлык төрт жаран ээлик кылат.
“Chung Hua” компаниясынын кожоюндары.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтарга таянсак, алардын аты-жөнү Ли Сяопин, Кан Дженчунь, Чынь Мао Чунь жана Жынь Ё Гуанг деп көрсөтүлгөн. Директору катары Су Вей деген адам турат.