Ысык-Көлдө сел басып калган экинчи адам табыла элек

Сүрөт ӨКМ тараткан видеодон алынды. 7-июнь, 2026-жыл

Ысык-Көлдө селдин айынан жер көчкү басып калган экинчи адамды издөө иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) селдин кесепетин жоюу жана издөө иштерине жалпы 185 адам, 14 инженердик техника тартылганын 7-июнда билдирди. Куткаруучулар арасында министрликтин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, суучулдар, жарандык коргонуу жана милиция, тез жардам кызматкерлери бар.

Расмий кабарда айтылгандай, 5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулган ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын жана Мерседес Спринтер, Форд Мондео унааларын, андагы эки эркек кишини басып калган.

Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркектин сөөгү табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жеринде абалды көзөмөлгө алышууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Украинада бир суткада 17 жайкын тургун каза болду, ондогон киши жараат алдыЕБ Орусиянын жарандарына виза берүү тартибин катаалдаштырууну көздөйт ӨКМ Ысык-Көлдө сел басып калган экинчи адамды издөө дале уланып жатканын билдирдиЭнергетика министрлиги электр энергиясынын жапырт өчкөн себебин түшүндүрдү