Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви Иран-АКШ согушун токтотуу боюнча Исламабаддын дипломатиялык аракеттеринин алкагында кайрадан Иранга барды. Dpa маалымат агенттиги жазгандай, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи баштаган жогорку жетекчилери менен жолугушуу пландалган.
ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, Навки Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеиге ортомчулук аракеттерде маанилүү роль ойногон Пакистан армиясынын башчысы Асим Мунирдин билдирүүсүн жеткирет.
Накви акыркы жолу Тегеранга майдын ортосунда барган.
Мунир Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылуу аракетинде башкы ролду ойнойт.
Ок атышпоо келишимдерине карабай кечээ эки тарап бири бирин аткылады.
6-июндун күнү кечинде АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) анын Жакынкы Чыгыштагы күчтөрү Ормуз кысыгында эл аралык деңиз кыймылына коркунуч жараткан эки ирандык чабуулчу учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди.
Ошол эле күнү Тегеран Ормуз кысыгы тарапка учкучсуз учактарды койо бергенден кийин командачылык “коргонуу” максатында жээктеги радиокациялык станцияга сокку укурулганын кабарлаган.
Буга жооп катары Ислам революциясынын сакчылары корпусу АКШнын Кувейт, Бахрейндеги объектилерине бери дегенде жети баллистикалык ракета учурган.
Өз кезегинде АКШнын финансы министри Скотт Бессент чыгымды эсептеп чыгууну тапшырганын Reuters жана ABC TV өз булактарына таянып жазды.