Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

Министр Кендирбаева кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча талкууларга жооп берди

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева.
Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева.

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева мектептерде кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча айткандары социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатканын белгилеп, ага комментарий берди. Министр окуучулардын 50% ашууну кыргыз тили боюнча окуу жана түшүнүү көндүмдөрү базалык талапка жооп бербей турганын, «ушундай темп менен жүрсө жок боло турган чакан тилдерин катарын толукташы мүмкүн» экенин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

«Кыргызстандын ар бир атуулу кыргыз тилин өздөштүрө албаса, мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык, маданият жана бизнес тармагында ишенимдүү аралашып ийгиликтүү лидер боло албайт. Анткени мамлекеттик кызматтын, тейлөө кызматта да кыргыз тилин билүү жана иш кагаздарын кыргызча алып баруу милдет. Мен ар бир бала тилди билбей, өз мекенинде өксүшүн каалабайм», - деп жазды министр.

Кендирбаева учурда ондогон мектептерде билингивиалдык программа, бир же бир нече тилди пайдалануу тажрыйбасы бар экенин жана ал ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

Ошондой эле министр 12 жылдык билим берүү моделин талкуулабай эле коюуну сунуштап, бул ишке киргенин жана артка кайтышпай турганын жазды.

Интернет айдыңында Агартуу министрлигинин ишин сындап, министрди кызматтан алуу талабын койгон петиция тууралуу маалыматтар пайда болду. Буга байланыштуу министр Догдургүл Кендирбаева “Азаттыкка” маек куруп, мындай аракеттерди тыштан "бут тосуу аракеттери" катары кабылдап жатканын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG