Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Баетов-Макмал жолу селден тазаланып, каттам ачылды

Сүрөт Транспорт министрлигинен алынды.
Сүрөт Транспорт министрлигинен алынды.

Транспорт жана байланыш министрлиги Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов–Макмал автоунаа жолу селден тазаланып, каттам ачылганын кабарлады.

6-июнда катуу жааган жаандын кесепетинен жолдун 14–16-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун айрым тилкелерин жууп кеткен. Суунун көлөмү өтө чоң болгондуктан жолго зыян келтирген.

Учурда жеринде жолду калыбына келтирүү жана сел калдыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Суунун агымын туура багыттоо жана буруу иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар экенин жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымалдыгын кайталап эскертип келет.

5-июнда саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел суусуна кошулган ылай Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымын жана Мерседес Спринтер, Форд Мондео унааларын, андагы эки кишини басып калган.

Издөө иштеринин натыйжасында 5-июнда саат 23:35те У.Т. аттуу 2008-жылы туулган эркектин сөөгү табылган, экинчисин изделип жатат.

6-июнда Аксы районунда жана башка бир катар аймактарда жаандан кийин кайра сел жүрдү.

22-майда Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Сузак райондорунда, ошондой эле Таш-Көмүр шаарында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү жана турак жайларды зыянга учураткан. Ал эми 19-майдын кечинде Каракол шаарында сел жүрүп, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүнө суу кирген.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG