Жекшембиде Арменияда өкмөттүн жаңы курамын түзүүнү шарттаган парламенттик шайлоо өтүп жатат. Шайлоо тилкелери жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дө ачылып, добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт. Анда премьер-министр Никол Пашиняндын Батыш менен жакындашууга умтулган “Жарандык келишим” партиясы жана орусиячыл деп саналган бир катар оппозициялык партиялар ат салышууда.
Мыйзамга ылайык, жаңы шайланган Улуттук жыйын (Армения парламенти) кеминде 101 депутаттан жана үчтөн кем эмес саясий күчтөн турушу керек. Бул орундар үчүн 16 партия жана эки альянс ат салышууда. Парламентке өтүү үчүн партиялар 4%, альянстар 8%дан кем эмес добуш алышы керек.
Бул чектен ким өткөнү түн жарымынан кийин, бардык 2005 шайлоо тилкелеринин жыйынтыгы чыгарылганда гана белгилүү болот. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 2 миллион 485 миң 851 армяндык добуш берүүгө укуктуу.
Шайлоого жалпысынан 2672 кишиден турган 13 жергиликтүү байкоочу миссиясы байкоо жүргүзүүдө.
Бул жолку өнөктүк Ереван Еврошаркет менен жакындашуу жолуна түшүп, Москванын кысымы күчөгөн учурга туш келүүдө.
Армения бийлиги, Европа биримдиги, айрым басылмалар жана талдоочулар Орусия Кавказдагы бул мамлекеттин шайлоосуна кийлигишүү аракетин көрүп келатканын, гибриддик согуш жүргүзгөнүн белгилешкен. Москва айыптоолорду четке кагууда.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 26-майда Еревандагы сапары маалында алдыдагы парламенттик шайлоодо өкмөт башчы Никол Пашинянды колдой турганын билдирген.
Пашинян 2018-жылы коррупцияга каршы көчө нааразылыктарынын негизинде бийликке келген. Ал 7-июнда өтө турган шайлоодо кайра шайланууга аракет кылып жатат. Ошол эле учурда Арменияны Орусиядан алыстатып, Батышка ыктоо саясатын жүргүзүүдө.
Шерине